Бишкек, 13 июня. 

Кутмандуу кечиңиз менен, Владимир Владимирович! Маектешүүгө макул болгондугуңуз үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Биз Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити өтө турган Кыргызстанга карай Cиздин жол сапарыңыз алдында жолугуп жатабыз. Биздин телерадиокомпания Кытайдан тышкары аталган уюмга мүчө бардык мамлекеттердин аймагында өз берүүлөрүн алып барат. Андыктан биздин көпчүлүк телекөрүүчүлөр үчүн ШКУ жакшы нерсе экендигин биз билебиз. Ошол эле учурда бул уюм эмне иш кыларын жана анын эмне кереги бар экендигин баары эле айта албайт. Сиз ШКУ деген эмне экендиги жана бул уюмдун алдына Россия жана башка шериктештер учурда эмне максаттарды коё тургандыгын биздин телекөрүүчүлөргө кыскача айтып бересизби?

В.Путин: ШКУ – бул 90-жылдардын ортосунда табигый жол менен жаралган эл аралык уюм. Анын түзүлүшү Россиянын, Кытайдын жана мурдакы Советтер Союзуна кирген Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүү боюнча иштердин башталышы менен байланышкан.

Кийинчерээк бул иш ийгиликтүү аяктап, практикалык жакшы натыйжаларды бергенден кийин, биз баарыбыз бул форматты жөн гана сактап калбастан, ага жаңы статус бериш керек деген тыянакка келдик. Атап айтканда, иш-аракеттердин түрдүү багыттары жана ар кыл түрлөрү боюнча мамилелерди өрчүтө турган уюм катары статус берүүнү чечкенбиз. Айткандай эле болду.

Ошентип ал түзүлүп, анын ишинин жүрүшүндө өз алдына койгон милдеттер, чечип жаткан маселелер аймактын башка өлкөлөрү үчүн да кызыктуу экендиги аныкталды. Ошон үчүн көп мамлекеттер – бардыгы, менимче, 18 өлкө, түрдүү сапатта: уюмдун толук кандуу мүчөсү катары да, байкоочулар катары да анын ишине кошулушту. Ошентин, ШКУ олуттуу жана көп кырдуу аймактык уюмга айланды.

ШКУ – Кытайдын демилгеси менен түзүлгөн уюм. Жакында Петербургдун экономикалык форумунда сиз АКШ менен Кытай Элдик Республикасы жүргүзүп жаткан соода согушу жөнүндө айттыңыз. Анда сиз Россия – бул даракка чыгып алып эки илбирстин өрөөндө кармашып жатканын карап отурган эң акылдуу маймыл дегенсиз. Муну менен эмнени айтайын дедиңиз эле?

В.Путин: Биринчиден, ШКУ уюм катары Кытайды демилгеси менен эмес, чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан, мен атап өткөн бардык өлкөлөрдүн демилгеси менен түзүлгөн. Бирок эң биринчи кезекте, демилгечилер Россия менен Кытай болгон, ооба, бирге болушкан. Ошентсе да биздин калган өнөктөштөр бул уюмдун ишине да, түзүлүшүнө да тең укуктуу катышкан.

Ал эми соода согуштары жана кытай макалын эстей кетип айткан менин тамаша сөзүм жөнүндө айтсак, сиз, кыязы, сөзүмдү эмне менен бүткөнүмө көңүл бурган эмессиз. Мен биз татаал дүйнөдө жашап жатабыз дегем. Ошол макалдар жаралгандан бери кырдаал олуттуу өзгөрдү, жана бүгүн Россия менен Кытайдын ортосундагы мамилелер биздин өлкөлөр үчүн да, жалпы эле дүйнөлүк коомчулук үчүн да өзгөчө мааниге ээ. Мен муну эч аша чабуусуз эле айта алам.

Сиздин сурооңуздун маңызына жараша жооп бере турган болсом, албетте, дүйнөнүн эң ири экономикаларынын ортосунда талаш жүрүп жатат. Анда эки мамлекеттин учурдагы ишине байланышкан бөтөнчө суроолор өтө көп.

Кытай – бул бүтүндөй дүйнө жүзү үчүн, анын ичинде Америка Кошмо Штаттары үчүн товар өндүрүү боюнча зор фабрика. Кошмо Штаттар ал жакта өз өндүрүштөрүн жайгаштырып, иш орундары түзүүдө. Ошону менен катар Кытай Элдик Республикасы, өз товарларын сырткы рынокко, анын ичинде Американын рыногуна чоң көлөмдө сатууда, тапкан кирешесин алтын резерви түрүндө Американын балуу кагаздары түрүндө сактайт. Ал жакта эки өлкөнүн ортосунда абдан көп өзгөчө мамилелер бар.

Жана, албетте, акыл-эс менен караганда бул сүйлөшүү процессине кийлигишүүнүн биз үчүн эч кажети жок. Бирок – бул «бирок» өтө олуттуу мааниге ээ. Айтайын дегеним эмне? Биринчиден, биздин Кытай менен мамилебиз чынында эле мурда болуп көрбөгөндөй жакшы жана жогору. Биз чынында эле стратегиялык өнөктөшпүз жана биздин мамилелер ушул сөздүн бардык маанисине толук туура келет. Биз экономикада, гуманитардык тармакта, аймактык деңгээлде кызматташып келебиз, биздин ТИМ жана Коргоо министрликтери өз ара аракеттешүүдө.

Биз жалпы дүйнөлүк тынчтыкты жана коопсуздукту колдоого олуттуу салым кошуп келебиз. Жана биздин мамлекеттер орун алган аймакта гана эмес, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү катары бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча биз өз иш-аракеттерибизди өз ара шайкеш жүргүзөбүз.

Тилекке каршы, ушундай эле сөздү Кошмо Штаттары менен болгон мамилелерибиз жөнүндө айта албайбыз – алар [мамилелер] бузулуп келе жатат жана улам барган сайын начарлоодо. Акыркы жылдары Россияга карата учурдагы администрация санкцияга байланышкан, менимче, ондогон чечимдерди кабыл алды.

Ал эми Кытай менен товар алмашуубуз, тескерисинче, өсүп жатат. Ал 108 миллиард долларга жетти. Өткөн жылы биз 100 миллиард [долларга] жетебиз деп өзүбүзгө милдет койдук эле, ал [товар жүгүртүү] 108 [миллиард долларга] жетти.

Кытайдын лидери, КЭР төрагасы менен биздин мамилебиз абдан жакшы. Бул да өзүнүн олуттуу салымын кошот, себеби өз ара ишенич жагдайын түзөт. Жана, албетте, мындай шартта биз стратегиялык өнөктөштөрүбүздү жактырабыз, бул боло турчу нерсе.

Жана биринчи кезекте мунун себеби, ондогон жылдар бою курулуп келген эл аралык мамилелердин азыркы түзүлүшүн кыйратууга багытталган ар бир аракет, биздин терең ишеничибиз боюнча, экономикалык иш-аракеттердин бардык катышуучуларына зыян келтирет.

Андыктан биз акыр-аягы акыл-эс жеңе турганына чоң ишеничтебиз. Биз бардык өнөктөштөр менен, анын ичинде америкалык өнөктөштөр, Кошмо Штаттар менен, алдыда боло турган «жыйырмалыктын» алкагында конструктивдүү, экономика тармагында кызматташуу үчүн зарыл туруктуу шарттарды түзө турган конструкттивдүү чечимдерге келе алабыз деген ниеттебиз.

Кыргызстандан кийин дароо Душанбеге жол тартасыз. Ал жерде дүйнө өлкөлөрүнүн дээрлик жарымынын башчылары Азияда ишеним жана коопсуздук чаралары боюнча кеңешмеге чогулат. Сиздин оюңузча, бул эл аралык форматтын турмуштук мааниси эмнеде?

В.Путин: Бул Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Абишевич Назарбаевдин демилгеси менен жаралган кенен формат. Ал аймактагы өлкө башчылары чогулуп Азиянын зор чөлкөмүндө жаралып жаткан кырдаал жөнүндө сүйлөшө ала турган дагы бир кошумча аянтча. Бул Жакынкы Чыгышка, Чыгыш Азияга тиешелүү.

Бул жерде өзгөчө көңүл бурууну талап кылчу маселелер менен көйгөйлөр көп. Алар көптөн бери келе жаткан израиль-палестиналык жөнгө салуу маселелеринен тартып Афганистан, Иран жана Ирандын ядролук программасы, Түндүк Корея жана анын ядролук программасы ж.б. Маселелер өтө көп.

Бизди, албетте, Жакынкы Чыгыш маселеси да тынчсыздантат, бирок Ирандын ядролук программасына, Түндүк Кореяга байланышкан бардык нерселер да аз тынчсыздандырбайт. Өзгөчө Афганистанда болуп жаткандарга көңүл бурабыз. Баса, ал жерде дүйнөнүн көп өлкөлөрү менен, анын ичинде белгилүү бир деңгээлде жүктү өзүнө алып жана Афганистанда кырдаалды колдоп жаткан АКШ менен жандуу жана, менимче, пайдалуу кызматташуудабыз.

Биз өз салымыбызды кошуп жатабыз жана бул багыттагы биздин биргелешкен иш өз натыйжасын берет деген ниеттемин. Бирок жалпысынан – дагы бир жолу кайталап жана Сиздин суроого жоопту башында айтканым менен бүткүм келет – биздин талкуунун өзөгүн түзө турган суроолор абдан көп.

Эгер Казакстан жөнүндө айтсак, Казакстанда жаңы президент – Касым-Жомарт Токаев. Айтыңызчы, Казакстандын жаңы жетекчилиги менен Россиянын кызматташуу келечеги кандай деп эсептейсиз?

В.Путин: Биринчиден, президент Токаев Москвада окуган, Россияны жакшы билет. Жана бул адам Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Абишевич Назарбаев баштаган, Россия менен андан ары жакындашууга, бардык багыттар боюнча: өнөр жайында да, айыл чарбасында да, космос сыяктуу, мисалы, илимий маанидеги тармактарда да биздин шериктештик мамилелерди түзүүгө багышталган ишин сөзсүз улантат деп айтууга бардык негиздер бар.

Бизде ири долбоорлор бар. Биз пландагандардын баары аткарылат деген ишеничтебиз. Бул жерде кандайдыр бир ишке ашпаган нерселер болот дегенге менде эч негиз жок.

Тескеринче, биздин өлкөлөр ортосунда товар жүгүртүү өсүшүнө жараша, ал болсо өсүп келе жатат, биздин байланыштардын диверсификациясына жараша өлкөлөр ортосунда да, жөн гана адамдык деңгээлде да – жарандар ортосунда мамилелер жакшырып гана отурат деген ойдомун.

Биздин адамдардын ортосунда миллиондогон келишимдер менен байланыштар бар. Жана биздин кызматташтыктын бул гуманитардык бөлүгүнүн мааниси зор. Бул жерде социалдык маселелер жана социалдык камсыздандырууга байланышкан нерселердин баары бар ж.б.

Бул инфраструктуралык да нерселер, болгондо да эки тараптуу эмес, үч, төрт тараптуу форматта. Эң чоң, мен айтат элем, эбегейсиз зор пландар, долбоорлор бар. Ал ишке ашат деп ишенем.

Петербургдагы форумда сиз биринчи жолу Владимир Зеленскийдин Украинанын президенти катары ишине баа бердиңиз. Азыр бул өлкөдө жаңы, бул жолу парламенттик шайлоо кампаниясы кызуу жүрүрп жатат. Бул Россия менен Украинанын ортосунда кайрадан тыныгуу болуп калды дегенди билдиреби?

В.Путин: Сиз мага таарынбаңыз, мен сөзүнүздү бир аз оңдоого мажбур болуп турам. Мен Петербургдагы форумда президент Зеленскийдин иш-аракеттерине эч баа берген эмесмин, анткени эч кандай иш баштала элек болчу. Ушундай объективдүү себептерге ылайык мен андай кадамга барган жокмун: ал ишке жаңы эле киришип жатат.  

Менин өзүмдүн башыман өткөн: керек болсо алдыда турган милдеттерди түшүнүү үчүн бир топ убакыт керек болот. Жаңы ишке батыраак көнүп кетсин деп тилейт элем.  

Ал эми биздин Украина менен болгон өз ара катнашыбыз жөнүндө кеп козгой турган болсок, мен көп жолу айткам жана дагы бир кайталайын: биз мамилебизди калыбына келтиришибиз керек, мындан биз аттап кетип жашай албайбыз. Тамыры бир элдердин ортосунда, башкача айтканда, эки бир тууган элдин ортосунда мындай боло бербеши керек.

Мурунку саясый элита менен мамилебиз кандай экенине, маселен, өз иш-аракетинде, өз жашоосунда өздүк ийгиликти жана өздүк пайданы, украин элинин эсебинен тапкан жана чет жакта сактаган капиталдарын жогору койгонуна, ошондуктан Батышты сүйгөндөрүнө карабашыбыз керек деп ойлойм.  

Бирок жаңы жетекчилик мындай чектөөлөрдөн алыс болсо керек жана өзүн эркин сезсе керек, өзүнүн ишинде украин эли президентке берген ишенимине таянып, Россия менен Украинанын ортосундагы мамилени калыптандыруу багытында шымалануу менен иш алып барат деп үмүттөнөм. Ошондой эле ички көйгөйлөрдү чечүү жаатында да иш жүргүзөрүнө үмүт кылам. Русофобиялык ойлор менен идеяларды жамынып алып, Украинанын ички маселелерин, эң алгач экономикалык жана социалдык тармактагы көйгөйлөрдү чечүүдөн четтеп калбасын деп үмүттөнөт элем.

МИР Украинанын кошунасы болгон Молдовада да көргөзөт. Азыр ал өлкөдө саясый, накта саясый кризис болуп жатат. Азыркы Молдовадагы саясый кырдаалды кандай баалайт элеңиз?

В.Путин: Молдова – бул уникалдуу жагдай эмес деп айтат элем. Бирок оркоюп көрүнүп турганы, Молдовадагы бийликти Украинадагы бийликтей эле толугу менен олигархтардын тутумдар ээлеп алган. Алар бардык мамлекеттик тутумдарды өздөрүнө каратып алышкан: укук коргоо тармагы да, парламент да, жана башка бардык тутумдар алардын колунда. Башкача айтканда, молдова элинин эсебинен акча таап жана аларды өз жыргалчылыгын камсыздоого жана мамлекетке таасир этүү рычагдарын бекемдөөгө жумшашкан.  

Мына, азыркы президент Додон жана анын акыркы убактагы оппоненттери, шарттуу айтканда батышчыл партиялар боюнча жасагандары кантсе да толук кандуу, цивилизациялуу, заманбап мамлекетти курууга карай жасаган кадам.  

Албетте, биз президент Додонду да, анын коалиция боюнча өнөктөштөрүн да колдойбуз. Алар акыры, кандай интеллигенттүү тил менен айтсам, айтор, жакынкы убакытка чейин Молдовадагы бийликти узурпациялап алган адамдардан кутулушу керек. Кандай ички карама-каршылыктар болбосун, Молдова мамлекетинин жана молдова элинин кызыкчылыгы үчүн биргелешип иш жүргүзүүгө умтулуп, күч табышса жакшы болмок. Биз да аларды сөзсүз түрдө колдойбуз.

Биздин МИР телерадиокомпаниясын көпчүлүгү КМШ маалымат мейкиндигинин өзөгү деп атап келишет. Сиз биздин жалпы маалымат мейкиндигинин келечегине кандай карайсыз?

В.Путин: Бул абдан маанилүү тармак.

Биринчиден, ал мейкиндик ачык болуш керек. Бул жерде ар кандай чектөөлөрдүн саны кескин түрдө аз болушу керек. Андай чектөөлөр болсо да, алар коопсуздук маселеси менен жана жалпыга таандык болгон адеп-ахлак, моралдык жана башка ушул сыяктуу элементтер менен гана байланыштуу болушу керек.  

Жалпылап айтканда, бул максималдуу түрдө ачык мейкиндик болушу керек, ал жактагы маалымат булактарынын баары корголуп, аларды сыйлаш керек жана алар оң натыйжалуу иштей алышы керек. Ошол эле учурда алар канчалык аз саясатталышкан болсо, ошончо жакшы. Маалымат таркатылып турушу керек. Эркиндик маалымат таратып жаткандарда эмес, ал маалыматты колдонгон жарандардын кызыкчылыгында болушу керек.

Берилген материалдар кызыктуу, таланттуу, мазмундуу болуп, биздин өлкөлөрдүн бардык жарандары бири-бирин жакшыраак түшүнүүгө, кошуна олкөлөрдо эмне болуп жатканын билүүгө жана биздин өлкөлөрдө колдонулуп жаткан эң жакшы практиканы ар кимиси өздөрүндө колдонууга өбөлгө түзөт деп ишенем.

"Мир" МАТРКнын төрагасы Радик Батыршин маектешти. 

 



ДРУГИЕ НОВОСТИ ПОЛИТИКИ